Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:13

«Мамлекеттик кызмат жөнүндө» мыйзам кабыл алынды


БИШКЕК. Бүгүн Мыйзам чыгаруу жыйыны эки күндүк талкуудан соң «Мамлекеттик кызмат жөнүндө» мыйзамды кабыл алды. Ага ылайык өлкөдө бирдиктүү мамлекеттик кадр саясатын жүргүзүү максатында Кыргыз республикасынын кызмат иштери боюнча агенттиги жана анын жетектөөчү органы катары кеңеш түзүлөт. Кеңешке мамлекет башчысы төрагалык кылат. Анын курамына мыйзам чыгаруу, аткаруу, сот органдарынан өкүлдөр кирет. Ал эми агенттиктин башчысы кеңештин сунушу менен президент тарабынан дайындалып, кызматтан алынат. Ошондой эле бул мыйзамга ылайык өлкөдөгү бардык министрликтерде, комитеттерде мамлекеттик катчылык кызматы уюштурулат. Мыйзам президент кол койгондон баштап күчүнө кирет

XS
SM
MD
LG