Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:47

АКШнын жана Түндүк Кореянын тышкы иштер министрлери жолугушту


Мамлекеттик катчы Колин Пауэлл өзү ырастагандай, Индонезиянын борбору Жакартада өтүп жаткан АСЕАН уюмунун жыйыны маалындагы кыскача талкууда тараптар мурдагы позицияларын ырасташты. Сүйлөшүүлөр болгон жок, буерге биз бул үчүн келген эмеспиз, болгону көз караштарыбызды түшүндүрдүк, деп айтты Пауэлл. Кырдаал жөнөкөй эмес, кризистен чыгуу үчүн, Пауэллдин айтымында, дагы убакыт керек. Түндүк Кореянын тышкы иштер министри Пак Нам Сун мунун алдында тараптар өз ара ишенимдин жетишпей жаткандыгын моюнга алышып, ушул чөйрөдө аракеттерди күчөтүү зарылдыгын белгилешти деп айткан эле. АСЕАНдын жыйынына катышып жаткандар Пхеняндын атомдук программасына байланыштуу жүрүп жаткан көп тараптуу сүйлөшүүлөргө колдоо билдиришти.

XS
SM
MD
LG