Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:08

ЮКОСтун кеңсеси тинтилди


Орусиянын башкы прокуратурасы ЮКОС компаниясынын кеңсесин тинтип чыкты. Башкы прокуратуранын өкүлү билдиргенге караганда, ЮКОСко каршы козголгон кылмыш ишинин негизинде мындай кадамга барышууда. Тинтүү учурунда документтер салынган бир нече куту алынды. Бирок, ЮКОСтун кызматкерлери түзүлгөн протоколго кол коюудан баш тартты. ЮКОСтун басма сөз катчысы Александр Шадриндин айтымында, тинтүү ишемби күнү болгондуктан ЮКОстун жетекчилиги да, адвокаттары да жок болчу. ЮКОС компаниясы соттун чечими менен мамлекеттик бюджетке 2000-2001-жылкы жашырылган салыктар үчүн 6 миллион 800 миң доллар төгүп бериши керек. Бирок, компаниянын адвокаттары анын кайсы бир бөлүгүн төккөн күндө ишкана кудуретсиз болорун эскертишүүдө.

XS
SM
MD
LG