Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:07

Адилет башкаруу боюнча улуттук кеңеш өз ишине саресеп салды


БИШКЕК. Бүгүн Адилет башкаруу боюнча улуттук кеңештин жыйыны болуп, анда кеңештин алты ай ичинде жасаган иштеринин жыйынтыгы чыгарылды. Кеңештин төрагасы Николай Танаев кеңеш мурда белгиленген график боюнча аракет кылды деп баа берди. Кеңештин катчылыгынын өкүлү берген маалыматка караганда, кеңеш жарым жыл ичинде 15 багыт боюнча иш алып барып, мамлекеттик башкаруу системасын реформалоонун стратегиясын даярдап, мамлекеттик кызматкерлер менен алардын жакындарынын кирешеси жөнүндө маалымат берүүнү жана ошондой эле «Электрондук өкмөт» программасын ишке киргизмек. Мындан тышкары, коррупциянын негизинде жасалган мыйзам бузууларга мониторинг жүргүзүлүп, көмүскө экономика иликтенмек. Жыйында айтылган маалыматка караганда, булардын ичинен коррупциянын негизинде жасалган мыйзам бузууларга байкоо салуу жакшы болгон жок жана аны жүргүзүүгө милдеттендирилген мекемелер аралык топ кеңешке ал жөнүндө маалымат берген жок. Ал эми өлкөдө көмүскө экономиканын үлүшү көбөйгөндүктөн аны ачыкка чыгаруу зарыл деген бүтүм пайда болду.

XS
SM
MD
LG