Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:29

ЮНЕСКОнун улуттук комиссиясынын макамы өзгөрдү


БИШКЕК. ЮНЕСКОнун иштери боюнча Кыргызстандагы улуттук комиссиянын тутуму менен статусу президенттин жардыгынын негизинде өзгөрдү. Ага ылайык комиссия өкмөттүн карамагынан президенттин карамагына өттү. Улуттук комиссиянын жооптуу катчысы Адаш Токтосуновадан бүгүн алынган маалыматка караганда, бул - улуттук комиссия 12 жылдан бери үзүрлүү иштеп, ЮНЕСКОнун башкы кеңсеси тарабынан мыкты комиссиялардын бири деген баага татыгандыгынын жыйынтыгы. «Комиссия президенттин карамагына өткөндөн кийин эми мүчөлүк акы төлөө жана башка уюштуруу иштериндеги көйгөй чечилет деген үмүт бар»,- дейт Адаш Токтосунова.

Анын билдирүүсү боюнча, ЮНЕСКОнун башкы кеңсеси мүчөлүк акы төлөө мөөнөтүн 130 жылга узартып, азыр Кыргызстан жылына 126 миң доллар эмес, 6500 доллар төлөөдө. Улуттук комиссия болсо Кыргызстандагы алты тарыхый эстеликти, анын ичинде алгач Ысыккөл жаратылыш-маданий ландшафтын бүткүл дүйнөлүк мурастардын тизмесине киргизүү аракетин көрүүдө.

XS
SM
MD
LG