Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:17

Кошмо Штаттарында оппозиция шайлоо өнөктүгүн баштады


АКШнын Демократиялык партиясынын талапкери Жон Керри жана анын жаңы тандалган вице-президенттикке талапкер шериги Жон Эдвардс бүгүн бүт Американы кыдыруу максатында жолго чыгышты. Керри эгер шайлоодо утуп чыкса Эдвардсты вице-президенттикке сунуштаарын ушул шейшембиде жарыялаган. Демпартиядан талапкерлерди тандоо учурунда Эдвардс Керриден кийин экинчи болуп келген эле:

– Мен Американын асыл-нарктарын түшүнгөн, аларды коргой билген кишини тандап алдым. Ал ортоңку класстагы америкалыктарга жана ортоңку класс болууга умтулгандарга күйөт.

2-ноябрда АКШда президенттик шайлоодо өтөт. Буш Эдвардсты шайлоо өнөктүгүнө кошулушу менен куттуктады. Бирок Буштун Республикачыл партиясы аны эмгеги көрүнө элек, тажрыйбасы жок «либерал» деп сындады.

XS
SM
MD
LG