Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:43

Принц Амин Агахан жана Николай Танаев Нарынга барышты


НАРЫН. 8-июль күнү Нарын шаарынын Батыш ыптасындагы Аккыя белесинин ойдуңунда Агахан өнүктүрүү уюмунун жана Борбор Азия университетинин кызматкерлери, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, өкмөт мүчөлөрү, Нарын облусунун бийлик өкүлдөрү, коомдук уюмдардын лидерлери чогулушту. Алардын алдында республиканын өкмөт башчысы Николай Танаев, принц Амин Агахан жана губернатор Аскар Салымбеков сөз сүйлөштү. Өз сөзүндө губернатор аба ырайынын шартына байланыштуу президент Аскар Акаев жана Агахан-IV Нарындагы Борбор Азия униерситетинин пайдубалын түптөөгө арналган эстелик тактаны ачуу салтанатына келе албай калгандыктарын билдирди жана университеттин келечегине ак жол каалады.

Нарындагы Борбор Азия университети бизнес жана экономиканы өнүктүрүү, мамлекеттик башкаруу багытында биринчи мөөнөттө базалык факультетке 500, даярдоо курсуна 225, үзгүлтүксүз билим берүүгө 46 студентти кабыл алып, аларга 42 профессордук окутуучу билим беришмекчи.

XS
SM
MD
LG