Багдад. Иракта экстремисттер болгариялык эки туткунду барымтада кармоодо. Болгариянын тышкы иштер министри Соломон Пасси эки атуулдун туткунда кармалып тургандыгына карабастан, өлкө Иракка карата саясатын өзгөртпөй тургандыгын билдирди. Бул тууралуу министр бүгүн мамлекеттик радиого берген маегинде маалымдады. Ал эми Болгариянын коргоо министри Николай Свинаров өлкө атуулдарынын барымтага алынгандыгына байланыштуу мындай деди:
- Биз барымтачылар менен байланыша алсак, эң ириде маалымат каражаттары, анын ичинде мусулман өлкөлөрүндөгү маалымат каражаттары аркылуу да, туткунга түшүрүлгөн бул эки болгар атуулунун Болгариянын тышкы саясатына карата эч кандай тиешеси жоктугун түшүндүрүүгө бүт күч аракеттерибизди жумшайбыз. Алар өлкөнүн тышкы саясаты үчүн жооптуу эмес.
Экстремисттер америкалык аскерлерге өздөрүнүн бир нече кишисин түрмөдөн бошотуу талабын коюшкан. Эгерде бул талап аткарылбаса, туткунга алынган эки болгар атуулу өлтүрүлө тургандыгын эскертишкен.
Маалыматтарга караганда, эсктремисттик топтун башында Абу Мусаб ал-Заркави турат. Ирактагы дагы бир эсктремисттик топ кечээ туткунга алынган Филиппин атуулу да эгерде Филиппин өкмөтү өз аскерлерин Ирактан чыгарып кетпесе, өлтүрүлөт деп эскерткен. Бүгүн Филиппиндин вице-президенти Ноли де Кастро да өлкө Ирактан өз аскерлерин алып чыкпайт деп расмий билдирди.