Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:40

Австриянын мурдагы президенти жерге берилди


Вена. Бүгүн Венада Австриянын президенти Томас Клестиль жерге берилди. Клестилди акыркы сапарга узатуу каадасына Австриянын, Европанын бир катар өлкөлөрүнүн жетекчилери катышты. Австриянын президенти менен коштошууга Орусиянын президенти Владимир Путин, АКШнын президентинин өкүлү катары Калифорния штатынын губернатору Арнольд Шварцнеггер да келишти.

Өлкөнүн оңчул - центристтик партиясынын өкүлү Томас Клестиль 1992-жылдан бери Австриянын президенти болуп келген. Ал өткөн шейшембиде жүрөк оорусунан 71 жашында дүйнөдөн кайтты. Клестилдин экинчи президенттик мөөнөтү 8-июлда аяктамак. Австрияда өткөн соңку президенттик шайлоодо социалист Хайнц Фишер жеңип чыккан.

XS
SM
MD
LG