Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:28

СПИД ДҮЙНӨЛҮК ЭКОНОМИКАГА ДА КОРКУНУЧ ТУУДУРАТ


Чолпон Орозобекова, Прага БУУга кирген мамлекеттердин Таиланддагы сүйлөшүүсүндө Бириккен Улуттар Уюму СПИД дүйнөлүк эпидемияга айланып баратканын эскертти. БУУнун башкы катчысы Кофи Аннан СПИД ар бир өлкөдөгү социалдык жана экономикалык өнүгүүлөргө коркунуч келтирерин Бангкокто чогулган эл аралык коомчулуктун эсине салды.

БУУнун катчысы Кофи Аннан Таиланддагы жыйынга катышкан бардык мамлекеттердин бийликтерин СПИДге каршы чечкиндүү чараларды көрүүгө чакырды. Бул жыйында маалым болгондой, бүгүнкү күндө СПИД Кытайда, Индонезияда жана Вьетнамда өзгөчө тездик менен жайылууда. Медициналык кызматкерлер жана саясий эксперттердин баамында, Таиланддан башка азиялык мамлекеттер бул дартка каршы жетиштүү аракеттерин көрсөтө алган жок.

Бангкоктогу СПИДге каршы эл аралык 15-конференциянын ачылышында Кофи Аннан жалпы Азиядагы алдыдагы он жылдык экономикалык пландарга коркунуч келтирип жатканын белгиледи:

- Келгиле, ачык сүйлөшөлү, бул маселеге сиздердин мамилеңер аймактын келечегине түздөн түз таасир берет. Көзөмөлсүз калтырган күндө СПИД миллиондогон өмүрлөрдү курутат. Ал гана эмес, саламаттык сактоо тармагына чоң- чоң көйгөйлөрдү жаратуу менен өлкөнүн социалдык- экономикалык өнүгүүсүн солгундатат. Андыктан СПИДге каршы күрөш кыраакылыкты жана улам жанданууну талап кылат .

Ошондой эле БУУнун башкы катчысы Азия жана Тынч океан аймагындагы өлкөлөрдүн өкмөтү менен саламаттык сакчыларынын СПИДге каршы кадамдары бирдиктүү жана өз ара шайкеш болушу керектигин белгиледи:

- Биз башка жактардын тажрыйбасынан билебиз. СПИДди артка кайтарса болот, бирок качан гана ар бир бийлик, ар бир коомдук катмар бирдиктүү жаша шайкеш жооп кайтарганда гана анын мизи кайтат. Бул нерсе ар бир деңгээлде лидерликти талап кылат, ар бир деңгээлде, - деди Кофи Аннан.

Таиланддын премьер-министри Заксин Шинаватра бул жыйындын уюштуруучусу катары дүйнөнүн ар бурчунан келген меймандарды кабыл алып аткан кожоюн десек болот. Ал Кофи Аннандын чакырыгын дагы бир жолу кайталады. Анын айтымында, ВИЧ инфекциясына каршы күрөштө азиялык лидерлердин мойнунда бирдей жоопкерчилик жатат.

- Дүйнө жүзүндө 40 миллиондой адам чалдыккан бул дарт үчүн илимпоздор, окумуштуулар жана саламаттык сактоонун кызматкерлери гана жооптуу эмес. Бул маселеде саясий лидерлери өз салымын кошуп жетекчилик кылыш керек. Министрлер өкмөт мүчөсү катары башкаларга үлгү көрсөтүп, ишибиздин толук көзөмөлдөнүп турушуна кепил болушубуз керек,- деди Таиланддын өкмөт башчысы.

Улуттар Уюмунун соңку маалыматтарына таянсак, өткөн жылы дүйнөдө ВИЧ-инфекциясына чалдыккан адамдардын саны мурдагыдан дагы 5 миллионго өстү. Дүйнөдө бул дарт менен ооругандардын жалпы саны учурда 38 млн. адамды түзөт. Алардын ичинен 1,5 миллионго жакыны Чыгыш Европа жана Борбор Азияда.

Ал эми Кыргызстанда да иммунитет таңсыктыгы деп койчу бул вирус айрыкча баңгиликтин аркасы менен тамыр жайууда. Эл аралык коомчулук жана бейөкмөт уюмдар кыргыз бийлигин бул жаатта чечкиндүү кадамдарды жасоого чакырууда.

XS
SM
MD
LG