Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:09

Европа Шериктештиги Кыргызстанда шайлоолордун алдында орун алып жаткан кемчиликтерге тынчсыздануу билдирди


Учурда Еврошериткештиктин өтмө президенти болгон Голландиянын тышкы иштер министринин маалымат катчысы Азаттык радиосуна талапкерлерди каттоодогу айрым жагдайлар жана маалымат каражаттарына жасалып жаткан мамиле тынчсыздануу туудуруп жаткандыгын билдирди. Ал Еврошериктештиктин Кыргызстанды узак убактан бери башкарып келаткан президент Аскар Акаев 2005-жылдагы шайлоого талапкердигин койбойт деген түшүнүктүн негизинде иш жүргүзүп жаткандыгын бышыктады.
Шериктештиктин өкүлдөрү Брюсселде вице-премьер Уларбек Матеев баштаган кыргыз делегациясы менен жолуккандан кийин биргелешкен билдирүү кабыл алынды. Анда эки тарап тең 2005-жылдын февралындагы шайлоо акыйкат жана эл аралык стандарттардын негизинде өтөт деген ишенимин билдиришкен. Европа Шериктештигинин делегациясы ошондой эле терроризмге каршы күрөштө Кыргызстан кетирген кемчиликтер, анын ичинде арам акчаны адалдоо аракеттерине каршы көрүлүп жаткан чаралар боюнча сын пикирин айтты. Биргелешкен билдирүүдө Кыргыз өкмөтү шериктештиктен техникалык жардам көрсөтүүнү азайтып, өнүктүрүү жардамын көбөйтүүгө көбүрөөк басым жасоону суранганы айтылат.

XS
SM
MD
LG