Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:48

Орусия менен Кыргызстандын чек ара боюнча макулдашуусу жаңыртууга муктаж


БИШКЕК. Бүгүн Кыргызстандын чек ара кызматы маалымат таратып, анда Орусия менен чек ара маселелери боюнча кызматташуу жөнүндө мындан беш жыл мурда түзүлгөн макулдашууга өзгөртүү киргизүү зарылдыгын билдирди. Билдирүүгө караганда, бул чек ара коопсуздугун камсыз кылуу боюнча Орусия менен Кыргызстандын ортосунда алаканы арттырат. Анткени, макулдашуу кабылдангандан кийин Кыргызстанда Чек ара кызматы түзүлүп, Орусиянын федералдык чек ара кызматы өзгөртүлдү. Ал эми аталган макулдашуунун негизинде Кыргызстанда мурда кызмат кылган Орусиянын чек арачыларынын оперативдүү тобу калтырылып, алардын офицерлерине өлкөнүн чек ара кызматынын кеңешчилери деген статус берилген.

XS
SM
MD
LG