Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:03

Бангкокто Спидке каршы күрөшүү боюнча эл аралык конференция аяктады


Бангкок. Бангкокто Спидге каршы күрөшүү боюнча 15 - эл аралык конференция өз ишин аяктады. Бириккен Улуттар Уюму тарабынан уюштурулган бул форумга 10ка жакын өлкөдөн 20 миңдей окумуштуу, өкмөт мүчөлөрү жана коомдук ишмерлер катышты. Конференцияда Спиддин жайылышын токтотуу жолдору талкууланды. Жыйында Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Кофи Аннан Спид дартынын жайылышы Азия жана тынч океан аймагындагы өлкөлөрдүн экономикалык жана социалдык өнүгүүсүнө коркунуч туудурууда, Спидге каршы күрөшүү боюнча тиешелүү иш-чаралар көрүлбөсө, аймакта экономикалык кризис башталат деген пикирин билдирди.

Конференциянын соңунда Түштүк Африка Республикасынын экс-президенти Нелсон Мандела мындай деди:

- Адамзаттын тарыхында Спид эдемиясынан артык коркунуч болгон эмес. Биздин башкы көңүл бөлөк маселелерге караганда, эң оболу мына ушул маселеге бурулушу керек.

Улуттар Уюмунун соңку маалыматтары боюнча өткөн жылы эле дүйнөдө вич-инфекциясына чалдыккан адамдардын саны 5 млнго жогорулады. Дүйнөдө бул дарт менен ооругандардын жалпы саны учурда 38 млн адамды түзөт. Алардын ичинен 1,5 млнго жакыны - Чыгыш Европа менен Борбор Азияда.

XS
SM
MD
LG