Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:43

ЕККУ ЖЫЙЫНЫНДА ШАЙЛОО ЖАЙЫНДА КЕП БОЛДУ


: Бекташ Шамшиев, Бишкек Өткөн аптанын соңунда Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун шайлоону ачык, калыс өткөрүү проблемаларына арналган жыйыны болду. Ага Кыргызстандан да биртоп өкүлдөр: саясий партия, бейөкмөт уюмдардын жетекчилери, Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлү катышкан. Ал чоң жыйында козголгон маселелер, Кыргызстанда ачык жана калыс шайлоо өткөрүү проблемалары жайында 19-июлда Бишкектеги ЕККУ борборунда кеп болду.

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмуна 55 өлкө мүчө. Венада өткөн чоң жыйында шайлоону эларалык стандарттын талаптарына ылайык өткөрүү маселеси талкууга алынган.

Эларалык стандарттын талабына ылайык шайлоо өткөрүү азырынча постсоветтик өлкөлөрдө кол жеткис кыял катары калууда. Венадагы жыйынга катышып келген «Акыйкат жана прогресс» партиясынын жетекчиси Муратбек Иманалиевдин ырасташынча, Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюмуна мүчө өлкөлөр айтылган убадасын айныксыз аткарышы зарыл. Убаданын аткарылышы өлкөнүн саясий маданиятынын деңгээлине жараша:

- Алдыдагы парламенттик жана президенттик шайлоо бир адамга байланышкан маселе эмес, тамыры тереңге кетчү суроо. Кудай сактасын, анын натыйжасында жаңжал, андан да чоң коркунуч чыгып кетиши толук ыктымал.

Муратбек Иманалиевдин ырасташынча, мамлекет шайлоодон акча аябашы керек. Эмдиги жылдагы шайлоого чейин дагы убакыт бар. Ошондуктан шайлоо камылгасынын айрым өксүктөрүн азыртан оңдоп алса жарашат.

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму эларалык стандарттын негизинде шайлоо өткөрүү маселесине өзгөчө көңүл бурушунун себеби ага мүчө айрым постсоветтик өлкөлөрдүн зарыл делген талап-шарттардын аткaрбашына байланыштуу. Кийинки жылдарда Кыргызстанда өткөн парламенттик жана президенттик шайлоолор ЕККУнун катаал сынына туш келген:

- Ушул жылдын 10-октябрынан тарта бизде жергиликтүү кеңештерге шайлоо башталат. Эмдиги жылдын 27-февралында парламентке, облус, район кеңештерине шайлоо өтөт. 30-октябрда президенттик, 18-декабрда жергиликтүү бийлик жетекчилерин шайлоо белгиленген. Өлкөдөгү жагдайды жеңил деп айтыш кыйын. Бизди кооптондурган маселе – калктын шайлоо ишенимин жоготуп койгону, аны кайтарып алуунун ыкмасын жакын арада табышыбыз керек,- дейт Борбордук шайлоо комиссиясынын бөлүм башчысы Халима Бакирова.

Кыргызстанда соңкy жылдары байма-бай өткөн шайлоо, референдумдардын кыйла эле бүдөмүк жыйынтыктары калктын ишенимин жоготкондон башкага жарабады. Халима Бакированын ырасташынча, азыркы шайлоо системасынын абыдан аялуу жери – тизме түзүү түйшүгү. Шайлоочулардын тизмеси катталган жери боюнча түзүлүп, ал кийинки шайлоодо кылдат текшерилбейт. Мыйзам талабы боюнча, шайлоочулар тизмесинин тактыгына жергиликтүү бийлик жетекчилери жооп беришет.

- Анан да шайлоочулардын 90%, атүгүл бизде 100% добуш берүү фактысы кездешкени жашыруун эмес. Биз деле ага ишенбейбиз, Борбордук шайлоо комиссиясы деле андайга ынанбайт. Бирок да ага кандай таасир көрсөтүүгө болот? Шайлоо жер-жерлерде өтөт. БШК баарын көзөмөлдөп, текшере албайт,- дейт Халима Бакирова.

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун жыйынында маалымдоо каражаттарынын шайлоо чагылдыруу маселелери да талкууга алынганын Оштогу маалымдоо каражаттарын колдоо борборунун башчысы Эрнис Мамырканов билдирди:

- Борбор Азияда Батыш өлкөлөрү үчүн түшүнүксүз мамлекеттик жана мамлекеттик эмес маалымдоо каражаттары бар. Алар мындай эки ажырымдын себебин түшүнүшпөйт. Шайлоо маалында маалымдоо каражаттары коомдун маанилүү бөлүгү катары калкты жаңылыктар менен кабардар кылып туруу милдетин аткарышы керек.

XS
SM
MD
LG