Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:24

Кыргызстан коңшусуна газ үчүн карыз


БИШКЕК. Кыргызстан бир катар эскертүүлөргө карабай түштүк Казакстанга багытталган газды уруксатсыз алууну улантууда. Натыйжада, быйылкы жылдын жарым жылында Кыргызстан Казакстанга газ боюнча 11 миллион доллардан ашуун суммага карыз болду. Бул тууралуу казак элчиси Умарзак Узбеков бүгүн билдирди. Анын айтымында, кыргыз темир жолу да казак темир жолуна 2 миллион доллар карыз.

Кыргыз өкмөтүнүн вице-премьер-министри Базарбай Мамбетов апрель айынан тартып Өзбекстан Кыргызстанга газ берүүнү токтотконун моюнга алып, өзбек тарап менен газ алуу боюнча сүйлөшүүлөр болорун, ал эми Казакстанга карыз төлөнөрүн белгиледи.

XS
SM
MD
LG