Ооган лидери Хамид Карзай таасирлүү үч лашкер башчыны граждандык жана полиция кызматтарына которду. Алардын ичинде Мазари-Шариф провинциясынан генерал Атта Мохаммад, Кандагар провинциясынан Мохаммад Хан жана Нангахар провинциясынан Хазрат Али бар.
Бул кадам, Карзайдын өкүлүнүн маалымдашынча, 9-октябрга мерчемделген президенттик шайлоонун эркин жана калыс өтүүсүн камсыздоого жана өлкөнү башкарууну жакшыртууга багытталды.
Бул кадам, Карзайдын өкүлүнүн маалымдашынча, 9-октябрга мерчемделген президенттик шайлоонун эркин жана калыс өтүүсүн камсыздоого жана өлкөнү башкарууну жакшыртууга багытталды.