Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:14

Улуттар Уюму Арафатка кайрылды


БУУнун башкатчысы Кофи Аннан Палестин жетекчилиги “катаал кризистин” алдында турганын эскертип, төрага Ясер Арафатты өкмөт мүчөлөрүнүн пикирин угууга жана коопсуздук күчтөрүн өкмөттүн көзөмөлү астына коюуга чакырды:

-Бул өтө олуттуу кризистин ортосунда премьер-министр турат. Менин оюмча, төрага Арафат премьерди жана башка өкмөт мүчөлөрүн укканга убакыт таап, кырдаалды жөнгө салуу үчүн тийиштүү кадамдарды жасоосу, өзүнүн коопсуздук аппаратын реформалоо үчүн мисирликтер жана иорданиялыктар, ошондой эле эл аралык коомчулук менен иштешүүсү шарт.

Аннан үндөөнү Арафат өткөн жумада өзү кызматтан бошоткон автономиянын коопсуздук күчтөрүнүн башчысы Абдел Разак Мажидди мурдакы ордуна кайра койгондон кийин жасады.

Мажиддин ордуна Арафаттын жакын тууганы Мусанын дайындалуусу Газадагы аскерлер арасында кыжырданууларды жараткан.

Буга нааразы болгон премьер-министр Ахмед Курейи өзүн кызматтан бошотууну сурап, Арафатка кат жолдогонун кечээ күнү билдирген эле:

-Кызматтан бошотууну өтүнгөн катыма алиге жазуу жүзүндө жооп албадым. Ошондуктан, арызым али күчүндө деп эсептейм.

Рамаллада бүгүн өткөн шашылыш жыйындан кийин өкмөттүн эки мүчөсү Абу Ала Курейи арызын артка алууга макулдук бергенин маалымдашты. Бул кабарды Ясер Арафаттын жооптуу кеңешчиси Набил Абу Рдейне тастыктады:

-Бүгүн төрага Арафат премьер-министр Курейинин арызын ырасмий түрдө канааттандырган жок. Ошондуктан, Абу Ала премьер катары кала берет жана кабинет мүчөлөрүн каалагандай алмаштырууга толук укуктуу.

XS
SM
MD
LG