Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:32

БШК эларалык уюмдардын аракетине ыраазы эмес


БИШКЕК. АКШнын Улуттук демократиялык институтунун Кыргызстандагы шайлоолордун адилет өтүшүнө көмөк көрсөтүү аракеттерине өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы кабатыр. Мындай пикирин бүгүн комиссиянын төрагасы Сулайман Иманбаев «Азаттык» радиосуна берген интервьюсунда билдирди. Анын пикири боюнча, бул мамлекеттин ички ишине кийлигишпөө деген эл аралык принципти бузуу менен барабар. Ушундан улам БШК чет өлкөлөрдүн элчиликтери жана Тышкы иштер министрлиги аркылуу чет мамлекеттерге ички ишке кийлигишпөө өтүнүчү кайрылат. Ал тууралуу Сулайман Иманбаев:

- Мындай аракет бизди кооптондурбай койбойт. Мен ачыгын айтсам, бул «Кедейди коногу бийлет» дегендей маселе болууда. Ошондой болсо да биз эркин, көз карандысыз мамлекет болгондон кийин шайлоо маселесин эл өзү гана чечүүгө эрктүү. Ага сырттан эч кимдин таасири болбошу керек. Ошондуктан бул ишти Тышкы иштер министрлиги аркылуу жөнгө салабыз.

БШК төрагасы андан тышкары «Адилет шайлоо үчүн» атуулдук бирикмесинен кызматташуу тууралуу азырынча сунуш түшө электигин жана кызматташууга кызыкдар бардык тарап менен иштешүүгө комиссия даяр экендигин кабарлады.

XS
SM
MD
LG