Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:17

11-сентябрдагы терактарды иликтеген комиссия өз жыйынтыктарын жарыялайт


ВАШИНГТОН. 11-сентябрдагы террордук чабуулду иликтеп жаткан расмий комиссия бүгүн өз иликтөөлөрүнүн жыйынтыктарын жарыялайт. Документ президент Билл Клинтондун жана Жорж Буштун администрацияларынын өлкөнүн коопсуздугун камсыздоодо кетирген кемчиликтеринин бетин ачып, "Ал-Каида" террордук тобунун төрт сомолетту айдай качуусу эмне себептен мүмкүн болгон, деген суроого жооп берет. Комиссия Федералдык чалгындоо жана иликтөө бюролорунун дарегине террористтер тобун күн мурунтан аныктап, коопсуздандыра албаганы үчүн кескин сын айтышы күтүлөт.

XS
SM
MD
LG