Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:49

Өзөктүк сыр боюнча айыпталгандар бошотулду


Өзөктүк курал жасоонун сырын башка өлкөлөргө саткан деген айып менен жети ай бою камакта жаткан илимпозду жана дагы эки окумуштууну Пакистан бийлиги бошотту. Учурунда Пакистандын өзөктүк курал боюнча лабораториясын башкарган Назир Ахмад аттуу илимпоз Иранга, Ливияга жана Түндүк Кореяга өзөктүк курал жасоонун сырларын сатууга катышы бар деп шектелген 11 окумуштуунун бири. Ал эми берки эки окумуштуу Пакистандын өзөктүк программасынын негиздөөчүсү Абдул Кадер Хандын шакирттери болгон. Ал башка өлкөлөргө өзөктүк куралдын технологиясын ушул жылы февраль айында өткөрүп жибергени маалым. Абдул Кадер Хан ушул күндөрү Исламабадда үй камакта кармалууда. Терроризмге каршы мыйзам боюнча Пакистан бийлиги бул адамдарды шектүү катары бир жылга дейре кармаганга укуктуу.

XS
SM
MD
LG