Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:50

Кыргыз-Өзбек өкмөттүк комиссиясы Бишкек отурумун өткөрдү


БИШКЕК. Бүгүн Бишкекте Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөттөр аралык комиссиясынын кезектеги 6-отуруму болду. Отурумда соода-экономикалык, суу, энергетика, экология, туризм өңдүү жыйырмага чукул маселе талкууга коюлду. Өкмөттөр аралык биргелешкен комиссия кызуу талаш тартыштан кийин 3 маселеге гана, тактап айтканда чегара пунктарынан өткөрүү, 1996-жылкы эркин соода киргизүүгө байланыштуу келишимге кошумчаларды киргизүү жана өкмөттөр аралык 6-жыйындын тотомун кабыл алууга макулдашты. Ал эми газ, суу, энергетикага байланыштуу орчундуу маселелер чечилген жок. Бул маселелер боюнча жакын арада тиешелүү министрликтердин сүйлөшүүсү күтүлүүдө.
Кыргызстан тараптын комиссиясын Евразия экономикалык биримдик (ЕврАзЭС) уюмундагы Кыргызстандын вице премьер министр даражасындагы туруктуу өкүлү Базарбай Мамбетов, Өзбекстан тарапты премьер министрдин орун басары Рустам Юнусов жетектеди.

XS
SM
MD
LG