Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:32

ЕВРОПА КОМИССИЯСЫНЫН ЖАҢЫ ЖЕТЕКЧИСИ БЕКИТИЛДИ


Азиза Турдуева, Прага 22-июнда Португалиянын мурдагы премьер-министри Дурау Баррозо Европа парламенти тарабынан көпчүлүк добуш менен Европа Комиссиясынын төрагасы болуп бекитилди. 1-ноябрда Баррозо Еврокомиссиянын мурдагы төрагасы Романо Продини алмаштырып, өз кызматына киришет. Европа Биримдигинин экономикасына байланыштуу маселелерди чечүүдө Европа Комиссиясынын орду жогору. Баррозо өз ишинде тышкы саясатка жана терроризмге каршы күрөшүүгө олуттуу көңүл бура тургандыгын маалымдады.

Бейшембиде Европа парламентинде болгон добуш берүүдө Жозе Мануэл Дурау Баррозо 732 депутаттын ичинен 413үнүн колдоосуна ээ болду. Ал эми 251 депутат ага каршы добуш беришти. Баррозо депутаттардын көпчүлүгү колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылыгын билдирди:

- Европа парламенти менин дайындалышымды колдоп бергендиги үчүн мен өтө кубанычтамын. Сыймыктанып турам. Европарламенттин мүчөлөрүнүн, ар кандай саясий топтордун мындай жогору колдоо көрсөткөнү - биздин алдыдагы кызматташуубуздун жана келечегибиздин жакшы жышааны.

Июль айынын башында Баррозонун Еврокомиссиянын төрагалыгына талапкерлиги Европа Биримдигине мүчө-өлкөлөрдүн башчылары тарабынан жактырылган.

Еврокомиссиянын жаңы жетекчиси өзүнүн программасы боюнча сүйлөгөн сөзүндө Европалык интеграция тарыхында жаңы баракты ачууну көздөп жаткандыгын билдирди. Бирок ал учурда Европа парламенти мыйзамдык кризистин алдында тургандыгын да жакшы түшүнөт. Өткөн айда Европарламентке болгон шайлоодо европалык шайлоочулардын 45 пайызына жакыны гана добуш берүүгө катышты. Парламентте сөз сүйлөп жатып, Баррозо “Европага күчтүү жана көз карандысыз Еврокомиссия керек” деп айтты.

Баррозонун алдында турган башкы маселелердин бири - Европа Биримдигинин жаңы Конституциясын Биримдикке мүчө өлкөлөрдө ратификациядан өткөрүү.

Баррозо өз сөзүндө Германия менен Франциянын Еврокомиссияда төрага орун басарынын кызматын же болбосо, экономика боюнча жооптуу жетекчисинин ордун киргизүү жөнүндөгү сунуштарына кошулбай тургандыгын билдирди. Серепчилер белгилешкендей, Биримдиктеги күчтүү өлкөлөр эми Еврокомиссиядагы жооптуу орундарды алууга аракет көрүшөт. Баррозо Европа Комиссиясына эч ким өзүнүн каалаганын таңуулай албайт деп билдирди:

- Мен жеке өзүм чечим кабыл алам жана кызматтарды бөлүштүрөм. Менин комиссиямын көз карандысыздыгы ага ишеним көрсөтүү үчүн олуттуу мааниге ээ .

Баррозо ошону менен бирге, ал портфелдерди улутуна эмес, жасаган кызматына жараша бөлүштүрө тургандыгын билдирди. Ал ошондой эле Европа Комиссиясындагы өкүлдөрдүн үчтөн бир бөлүгү аялдардын болушун туура көрөөрү жөнүндө да айтты. Дурао Баррозо белгилегендей, ал жетектеген комиссия эркиндикке, адам укуктарына жана мыйзамдуулукка негизги көңүлдү бурат. Анткени, - булар Европа Биримдигинин башкы баалуулуктары, - дейт Баррозо:

- Эгерде маселе адам укуктарына байланыштуу болсо, мен адам укуктарынын тебеленип-тепселенишин ал кайда болбосун, Орусияда адам укуктары тебеленеби, Кошмо Штаттардын Ирактын түрмөлөрүндө орун алгандай көрүнүштөр болобу же үчүнчү дүйнөдө болобу, мындай жоруктарды кескин сынга алам. Биз үчүн адамдын укуктары ыйык болушу керек. Бардык мамлекеттер аларды сыйлашы зарыл.

Баррозонун айтымында, Европа Биримдигине мүчөлүккө кирүү маселеси тууралуу Болгария, Румыния жана Хорватия менен сүйлөшүүлөр мындан ары жүргүзүлө башташы ыктымал. Европа Биримдигине талапкерлердин бири ошондой эле көп жылдардан бери бул уюмга кирүүгө ынтызар болуп келген Түркия саналат. Бул өлкөнү да Баррозо болочокку талапкер катары атай кетти.

XS
SM
MD
LG