Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:03

200 сомдук жаңы акча жүгүртүүгө кирет


БИШКЕК. 2-августтан тарта Кыргызстанда 200 сомдук акча банкнотунун жаңыланган түрү жүгүртүүгө чыгарылат. Бул тууралуу бүгүн Улуттук банк төрагасынын орун басары Шамшыбек Молдоканов маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, 200 сомдук жаңы акча акын Алыкул Осмоновдун эмдиги жылы белгилене турган 90 жылдык юбилейине арналып чыгарылды. Акчага акындын «Жеңишбек» аттуу поэмасындагы Ысыккөл жөнүндөгү төрт сап ыры өз кол жазмасынын негизинде түшүрүлүп басылып, коргоочу элементтер менен жабдылды. 200 сомдук жаңы акча менен кошо мурдагы үлгүдөгү акча деле жүгүртүүдө жүрө берет.

XS
SM
MD
LG