Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:11

Э.Байсалов Конституциялык соттон арызды кайтарып алуу керек дейт


БИШКЕК. Жогорку Кеңештин депутаты, «Ата Мекен» саясий партиясынын мүчөсү Дүйшөн Чотонов президент Аскар Акаев эмдиги жылы боло турган президенттик шайлоого катышаар же катышпасын аныктап берүү тууралуу Конституциялык сотко жолдогон арызын кайра кайтарып алышы зарыл. Мындай пикирин бүгүн бейөкмөт уюмдардын «Демократия жана жарандык коом үчүн» аттуу коалициясынын президенти Эдил Байсалов билдирди. Анын билдирүүсү боюнча, президент Аскар Акаев келерки президенттик шайлоого катышпасын бир нече ирет билдиргенден кийин анын шайлоого бараар-барбасын териштирип, коомдо карама-каршылыкты пайда кылуунун зарылдыгы жок. Андан тышкары «Конституциялык сот Акаев шайлоого катыша алат деген бүтүм чыгарса, анын жактоочуларына оңдой берди болот»,-деди Эдил Байсалов.

Ал эми Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Дүйшөн Чотонов арызын азырынча кайтарып албасын билдирип, Конституциялык соттун чечими өлкөдөгү кырдаалды аныктаарын белгиледи. Депутаттын пикири боюнча, Конституциялык соттун чечими саясий күчтөрдүн өз багыттарын тактап, лидерлердин алдыдагы аракеттерин аныктоосуна өбөлгө түзөт.

XS
SM
MD
LG