Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:03

Иракта барымтага алынгандар бошотула элек


Багдад. Кечээ Ирактагы Иорданиялык компания анын эки кызматкерин барымтага алган экстремисттердин талаптарын аткарууга даяр экендигин билдирди. Компаниянын аткаруучу директору барымтадагылардын өмүрүн сактап калуу үчүн Ирактагы ишин токтотуп, өлкөдөн чыгып кете тургандыгы жөнүндө расмий маалымдады. Шейшембиде Египеттин, Кениянын жана Пакистандын өкмөттөрү алардын барымтадагы атуулдарын бошотууну өтүнүп, ирактык козголоңчулар тобуна кайрылышкан. Буга чейин согушкерлер алардын талаптары аткарылбаса, туткундагы пакистандык эки жана кениялык үч атуул өлтүрүлөт деп эскертишкен. Кечээ ошондой эле Пакистандын тышкы иштер министрлиги Пакистан Иракка аскер жибербейт деп билдирген.

XS
SM
MD
LG