Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:14

Ирактыктар Британ куралдуу күчтөрүн сотко берди


Ирактын түштүгүндө Британ аскерлери тарабынан өлтүрүлгөн делген алты ирактыктын тууган- туушкандары Улуу Британиянын куралдуу күчтөрүн сотко берди. Алардын адвокаттары аскерий адамдар адам укуктарын коргоо жөнүндө мыйзамдарды бузду деп ырасташууда.

Бул алты адам тең үйүндө отурганда, же көчөдөн же машинада кетип бараткан жеринен Улуу британ аскерлеринин огунан набыт болгон деп тастыкталууда. Лондондук Жогорку сот ирактыктардын арызын канааттандырса, күнөөлүү деп табылган аскерлер кылмыш жообуна тартылып, ал эми каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө акчалай компенсация төлөнүшү керек.

XS
SM
MD
LG