Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:43

Казакстандын оппозициялык "Ак жол" партиясы өз лидерин коргоп чыкты


"Ак жолчулар" өз жетекчиси Б.Абилов "бирөөгө жалаа жаап, жалган маалымат тараткан" деген кине боюнча соттолгонун - аны жакындап калган парламенттик шайлоодон четтетүү аракети деп баалайт. Партия кечээ тараткан билдирүүдө Абилов саясий куугунтукка кабылганы жана соттун чечими алдын ала маалым болгону белгиленген. "Ак жолдун" төрагасы - май айында телеканалдан көрсөтүлгөн интервьюсунда казак парламентинин депутаты Мухтар Тиникеевди өз мандатын сатып алган деп күнөөлөгөнү үчүн сот жообуна тартылган. Райондук сот Абиловду бир жарым жылга шарттуу түрдө кесип, шайлоодон четтетип салды.

XS
SM
MD
LG