Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:24

«Жандос» кытайлык ишкананын 22 жумушчусу облусттук ички иштер башкармалыгына кайрылды


ЖАЛАЛАБАД. Кайрылууда ишканадагы кытай жетекчилигинин талабы оор, иш мөөнөтү 12 саатка созулат жана түшкү тамакка убакыт бөлүнбөйт. Жумушчуларга орой мамиле жасалып, негизсиз шылтоолор менен эмгек акылары кыркылат. Завод ишке киргенде маянаңар көбөйөт деген убада аткарылбады, деп жазылган. Ишкананын жетекчиси Вань Сунь Вейдин жообу боюнча, жумушчулар үчүн ашкана курулууда. Орточо маяна 1500 сом. Жылына 20 миң тонна алманы иштетүүчү заводго Кытайдын "Тунхия" фирмасы 8 млн. доллардык инвестиция жасаган.

XS
SM
MD
LG