Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:16

Москвада нааразылык акциясы өттү


Москва. Бүгүн Москвада “Революция” аянтында социалдык жеңилдиктерди акчалай төлөмдөр менен алмаштыруу жөнүндөгү мыйзамдын кабыл алынышына каршы митинг өтүүдө. Бул акцияга ондогон коомдук уюмдар чыкты. Маалыматтарга караганда, митингке бери дегенде 3 миңге жакын адам катышууда. Нараазылык акциясына ошондой эле Чернобыль атомдук электр станциясынын авариясынан жабыр тарткандар да кошулушту. Алар Москвага Орусиянын ар кайсы региондорунан келишти. Расмий маалыматтар боюнча учурда Орусияда Чернобльдагы жардыруудан жабыр тарткан 1 млн 300 миңге жакын адам жашайт. Алардын ичинен 56 миңи - майыптар. Эгерде жаңы мыйзам күчүнө кирсе, алар айына 1 миң рублден алышат.

XS
SM
MD
LG