Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:19

Ташкен шаарында бүгүн үч терор аракети ишке ашырылды


Ташкен шаарында бүгүн үч жардыруу болду. Израил радиосу кабарлаганга караганда, Өзбекстандагы жөөт элчилигинин алдында бир жан кечти өзүн өзү жардырып жиберди, бирок элчилик өзү андай маалыматты тастыктай элек. Жардыруудан эки адам набыт кетти. Орусиянын "Интерфакс" агенттигинин кабарлашынча, АКШнын Ташкендеги элчилиги алдында дагы бир жан кечти өзүн өзү жардырган. Өлкөнүн ички иштер министри Закиржон Алматовдун айтымында, Башкы прокуратуранын имаратынын алдындагы дагы бир жан кечти өзүн өзү жардыргандан беш адам жараат алды.

XS
SM
MD
LG