Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:12

Парагвайдагы өрттөн каза болгондордун саны 300дөн ашты


Өлкөнүн тарыхында акыркы 50 жылдагы эң оор кырсык жекшемби күнү орун алды. Ички иштер министри Орландо Фиоротто чоң дүкөндө чыккан өрттөн кеминде 311 киши курман болгонун билдирди. Дагы 300дөн ашык киши жараат алды. Курмандыктардын көп болушуна дүкөн ээлеринин ууру-кескилерден сактанып, өрт чыкканда соода борборунун эшиктерин жаап салгандыгы да түрткү болгон шекилдүү. Тергөөчүлөр учурда ушул кырдаалды иликтеп жатышат. Дүкөн ээси Хуан Пио Пайва бийликтерге багынып берди, бирок коюлган кинени моюнга алган жок.

XS
SM
MD
LG