БИШКЕК. Бүгүн Бишкекке АКШнын Бириккен Улуттар Уюмунун айыл чарба жана азык түлүк боюнча агенттигиндеги элчиси Тони Холл жетектеген делегация келди. Ушул эле күнү делегацияны Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын төрага орун басары Сооронбай Жээнбеков баштаган депутаттык топ кабыл алды.
Тони Хол өз сөзүндө Кыргызстандагы максаты өлкө менен таанышуу, азык-түлүк проблемаларын жана ачкачылыкты четтетүү багытында ар тараптуу жардам берүү экенин белгиледи. Жолугушууда делегация түрмө реформасына, айыл чарба маселелерине кызыкты. Элчи Тони Холл баштаган топ Кыргызстанда бир апта болуп, бул аралыкта премьер-министр Николай Танаев, диний уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушуп, жаза өтөө мекемелеринин башкы башкармалыгында болот.
БУУнун айыл чарба жана азык түлүк боюнча агенттигиндеги АКШнын элчиси Тони Холл Кыргызстанга Эл өкүлдөр жыйынын төрага орун басары Сооронбай Жээнбековдун чакыруусу боюнча келген. Анын Кыргызстандагы сапары 10-августка чейин уланат.