Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:17

Укук коргоочунун суранычын шаардык сот канагаттандырган жок


БИШКЕК. Бүгүн Бишкек шаардык соту укук коргоочу Турсунбек Акундун апелляциялык арызын карап, канааттандырган жок. Турсунбек Акундун шаардык сотко 1-май райондук сотунун укук коргоочуну канааттандырбаган 12-июндагы чечимин жокко чыгарып берүүнү суранган. Ал эми райондук сотко анын кайрылышына укук коргоо кыймылынын Алатоо аянтында тынч митинг өткөрүү тууралуу суранычын райондук бийлик колдобой койгон соң берген.

Турсунбек Акундун айтымында, райондук бийлик «Тынч, куралсыз митинг өткөрүү тууралуу» мыйзамдын 5,6 беренесин укук коргоочулар бузду деп, нааразылык акциясына уруксат бербей койгон. Укук коргоочулар адам укуктарын сактоону жана мыйзам бузууларга жол бербөөнү талап кылып, митинг өткөрүү үчүн 14-июнь күнгө бийликтен уруксат сурашкан.

XS
SM
MD
LG