Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:12

'Фриидом хауздун' айтымында Иракта толук эгемендүү басма сөз дагы жок


Вашингтон шаарында жайгашкан "Фриидом хауз" уюму бүгүн жарыялаган маалыматка караганда, президент Саддам Хусейн кулатылгандан кийин Иракта эркин басма сөз өнүгө баштаганына карабай, коопсуздуктун жоктугу жана башка башаламандыктар сөз эркиндигине тоскоолдук болууда. Мурдагы режим учурунда өнүгүүгө мүмкүн болбогон интернет байланышы, көз карандысыз гезиттер, спутник сыналгысы пайда болду, бирок чыныгы эркин маалымат каражаттарынын системасы түзүлө элек. Акыркы бир жылдын ичинде болсо Иракта жыйырмадан ашык журналист курман болду.

XS
SM
MD
LG