Орусиянын Мамлекеттик Думасы бүгүн Грузин бийлигинин саясатын кескин сынга алып, келечекти көрө билбеген саясат катары баалады. Ушул шейшембиде Грузиянын президенти Михаил Саакашвили Абхазияга жакындаган кемелер аткыланат деп эскерткен. Мамлекеттик Думанын депутаттары грузин президенттинин мындай эскертүүсүн ачыктан-ачык агрессивдүү билдирүү катары баалашты. Депутаттар Түштүк Осетиядагы кырдаалга карата тынчсыздануусун да билдиришти.