Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:37

Иракта радикал шийи согушкерлери менен коалициялык күчтөрдүн салгылашуулары уланууда


Кечээтен бери Багдадда коалициялык күчтөр менен радикал шийи согушкерлери ортосундагы кагылышууларда 19 ирактык набыт болуп, эки тараптан 100дөй аскер жараат алышты. Нажаф шаарындагы салгылашта бүгүн АКШнын эки аскери курман болгону кабарланды. Насирия калаасында согушкерлердин чабуулуна италиялык жана британиялык күчтөр каршылык көргөзүүдө. Нажафтагы мечитте бүгүн жума намазга чогулгандарга кайрылып, радикал шийилердин лидери Моктада ас-Садрдын басма сөз өкүлү Ирактагы кагылышуулар үчүн АКШны күнөөлөдү. "Эгерде экинчи тарап элдешүү жолдорун жокко чыгарган окуяларга чейинки кырдаалга кайтууну кааласа, биз Ирактын утурумдук өкмөтү менен ортодогу чатак маселелерди талкуулап чечүүгө даярбыз", - деп белгиледи Махмуд ас-Судани.

XS
SM
MD
LG