Линктер

жума, 26-май, 2017 Бишкек убактысы 17:32

Статкомитет калктын демографиялык өсүшүн талдады


БИШКЕК. Кыргызстандын статистика комитети кызматташтык боюнча Швейцария бюросу менен бирге «Кыргызстандын калкы» аттуу китеп басып чыгарды. Анда көп улуттуу калктын ХХ кылым ичиндеги демографиялык өсүшүнө кеңири талдоо жүргүзүлгөн. Тагыраак айтканда, бул китепте төрөлүү-өлүү, үй бүлө куруу - ажырашуу процесстерине, ички-тышкы миграциялык агымга айылдардын жана шаарлардын өңүтүндө талдоо жүргүзүлгөн. Мындан тышкары билим берүү саламаттык сактоо, иш менен камсыздоо, саясий активдүүлүк, үй чарбачылыгындагы жана мыйзам алдындагы тең укуктуулук маселелеринин тутумунда гендердик мамилелер талданган.

XS
SM
MD
LG