БИШКЕК. 2004-жылдын соңку алты айынын ичинде Кыргызстандын Ички дүң жыйымы 9,2 пайызга жогорулап, инфляциянын өлчөмү 0,8 пайызды түзгөн. Ал эми тышкы сооданын көлөмү 726 миллион долларга жетип, өткөн жылга салыштырганда 42 пайызга жогорулаган. Анын ичинде экспорттун көлөмү 332 миллион доллар ал эми инпорттун көлөмү 394 миллион долларды түзгөн. Бул тууралуу бүгүн өткөн маалымат жыйында Улуттук банктын төрагасы Улан Сарбанов журналистерге маалымдады.