Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:07

Орусияда талаштуу социалдык төлөм мыйзамы президентке жөнөтүлдү


Орусиялык мыйзамгерлер бүгүн Владимир Путинге кол коюга жолдогон мыйзамда пенсионерлерге, майыптарга жана башкаларга берилген жеңилдиктерди акчалай төлөм менен алмаштыруу каралган.
Путин мыйзамга келерки апталарда кол коет деп күтүлүүдө. Мыйзам долбоорун парламенттин жогорку палатасы кечээ басымдуу көпчүлүк менен жактырды. Айрым эмгек ардагерлери жана майыптар коомдук транспорт, саламаттыкты сактоо жана башка тармактардагы жеңилдиктердин ордуна төлөнүүчү акчалай каражаттты инфляция эле жокко чыгарат деп айтышууда. Ал эми өкмөт калктын жардамга муктаж катмарларын жаңы мыйзам мыкты коргоого алат деп ырастап жатат.

XS
SM
MD
LG