Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:15

Көчкү алдында калган альпинисттерди издөө убактылуу токтотулду


БИШКЕК. Ысыккөл облусунун аймагындагы Хантеңири тоо чокусунда кар көчкү басып калган чет элдик альпинисттерди издөө убактылуу токтотулду. Бул чокуда кайрадан көчкү жүрүү коркунучу пайда болгондугу менен байланыштырылды. Бул тууралуу бүгүн Кыргызстандын Экология жана күтүүсүз кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты. Аталган министрликтин маалымат кызмат жетекчиси Эмил Акматовдун айтымында, бүгүнкү күнгө чейин көчкү басып каза болгон беш альпинистин төртөөнүн сөөгү табылды. Дагы алты альпинисттин өлүү же тирүү экендиги дайынсыз. 5- августта 50 чамалаш альпинист Хантеңири чокусуна чыгууга багыт алган. Азырынча алардын ичинен он бир адам каза болгондугу кабарланууда.

XS
SM
MD
LG