Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:59

Экономикалык кызматташтык уюмунун байланыш министрлери жолугат


БИШКЕК. Эртең Ысыккөлдө Экономикалык Кызматтыштык уюмуна мүчө мамлекеттердин транспорт жана байланыш министрлеринин 5-отуруму башталат. Эки күнгө белгиленген бул отурумда транспорт жана байланыш тармагын өнүктүрүүнүн 1998-2007-жылдар үчүн программасынын аткарылышы, ошондой эле кызматташтыктын трансазиялык туруктуу темир жол каттамы, транзиттик жүк ташуулар, автомобиль жана деңиз транспорту, телекоммуникция жана почта байланышы өңдүү өңүттөрү талкууга алынат. Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинен кабарлашты. Экономикалык кызматташтык уюму 1985-жылы түзүлгөн. Анын тутумунда азыр 10 мамлекет бар. Атап айтканда Ооганстан, Азербайжан, Иран, Казакстан, Кыргызстан, Пакистан, Тажикстан, Түркия, Түркмөнстан жана Өзбекстан кирет.

XS
SM
MD
LG