Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:43

«ЧЕК-2004»: ТЕРРОРИЗМГЕ КАРШЫ КҮРӨШ КҮЧӨТҮЛДҮ


Төрөкул Дооров (Torokul Dorov), Москва Август айынын биринчи жумасында Жамааттык Коопсуздук Келишиме кирген мамлекеттер Казакстанда жана Кыргызстанда биргелешкен аскерий машыгууларды өткөрүштү. Орусия, Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстандын куралдуу күчтөрү катышкан бул жолку машыгуулар, эң алгач, региондо ыктымал орун алуучу террористик чабуулга каршы багытталган. 10-авгуcт күнү Москвада Жамааттык Коопсуздук Келишими Уюмунун баш катчысы Николай Бордюжа өткөн машыгуулардан алынган тажрыйба тууралуу айтып берди.

Николай Бордюжа Казакстанда башталып, Кыргызстанда жыйынтыкталган «Чек-2004» аскерий машыгууларынын мааниси зор деп эсептейт. Анткени буга чейинки машыгууларда кризисти жаратуучу опурталдуу жагдайларда аскерий жана саясий аракеттерди биргеликте колдонуунун жолдору так иштеле элек болчу.

«Ал эми «Чек-2004» аскерий машыгууларында Кыргызстанга бир эле учурда бир нече мамлекеттердин куралдуу күчтөрү топтолуп, коркунучту жаратуучу учурларда кантип маалымат алмашуу, кантип тез арада ок чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алуу жана конфликт орун алган жерде калктын коопсуздугун сактоо өңдүү суроолорго жооп ала алдык», - дейт Жамааттык Коопсуздук Келишими Уюмунун баш катчысы Николай Бордюжа.

Бирок, баш катчы, ошол эле учурда, алгачкы ирет байкала баштаган башка проблемаларга да токтолду. Анын айтымында, «Чек-2004» сыяктуу алкактуу аскерий машыгуулар бир эле мезгилде анын мүчөлөрү ортосунда айрым проблемаларды да жаратышы мүмкүн экендиги байкалган. Бул, эң ириде, мыйзам чегиндеги мамилелерге мүнөздүү.

- Акыркы жылдары постсоветтик жана Жамааттык Коопсуздук Келишимине киришкен мамлекеттерде түрдүү маселелерди чечүүгө багытталган өздөрүнүн жеке мыйзамдары кабыл алынып жатат. Андан сырткары КМШ аймагындагы башка уюмдардын алкагында да мыйзамдар бар. Бирок, бул жолку машыгуулар учурунда биз биринчи жолу бул көрүнүш келтирүүчү зыян менен беттештик. Мисалы, Кыргызстанга башка мамлекеттердин куралдуу күчтөрүнүн кириши Бажы кызматтарынын жана куралдуу күчтөрүнүн тынчын алат экен. Ушундай эле көрүнүш башка мамлекеттердин мыйзамдарына да тиешелүү. Ошондуктан, эми уюмга мүчө өлкөлөр ичинде бирдиктүү мыйзам иштеп чыгаруу зарыл экендигин түшүндүк, - дейт Николай Бордюжа.

Кыргызстанда өткөн машыгуулар 1999-2000-жылдардагы Баткен окуяларынын мисалында террористик коркунучтарга каршы көрүлүүчү аракеттерди иштөөгө багытталгандыгы маалым. Баш катчы билдиргендей, эми бул өңдүү коркунучтар дагы орун алса, анда уюм боюнча башка өлкөлөргө тез кабар берип, биргеликте коркунучту жок кылуу алда канча аз убакытты талап кыла тургандыгы машыгуулар учурунда маалым болду.

- Бул жолу биз Кыргызстанда 1999-жылдагыдай абал ыктымал түзүлө турган болсо, 1,5-2 сааттын ичинде ок чыгаруу боюнча чечим кабыл алуу мүмкүнчүлүгүнө жетиштик.

Бирок, анын айтымында, аскерий машыгууларды өткөрүүгө Борбордук Азия региону коркунучта деген ой түрткөн жок.

- Негизи эле, бүгүнкү күнү Орто Азияда согуш башталаарына шилтеме бере турган коркунуч жок. Ошол эле учурда бизди Ооганстадыгы жагдайдын курчушу жана Өзбекстанда болгон жардыруулар тынчсыздандырууда. Борбордук Азия өлкөлөрү шайлоолорго камынып жатышкандыгы маалым. Алар үчүн мындай учурда саясий иш-чараларды өткөрүү өтө эле татаал, - деди Жамаатык Коопсуздук Келишиминин баш катчысы Николай Бордюжа.

XS
SM
MD
LG