Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:15

Түштүк Осетиянын чек арасында жаңы ок атышуу болду


Грузиянын курамындагы Түштүк Осетия жумуриятынын чек арасында бүгүн эртең менен кайрадан ок атышуу болду. Чабуул баштады деп эки тарап бир-бирин күнөөлөдө, жараат алгандар тууралуу маалымат жок. Кечээ күнү Маскөөдө Орусия менен Грузиянын коргоо министрлери Сергей Иванов жана Георгий Барамидзе жолугуп, Түштүк Осетия айланасындагы маселени тынчтык ыкмалары менен чечүүгө макулдашкан. 1990-жылдардын башынан бери Түштүк Осетия Тбилисиге баш ийбейт.

XS
SM
MD
LG