Орус өкмөтү ЮКОС компаниясына жабылган банк эсептеринен кайрадан пайдаланууга уруксат берди. Кубат агенттигинин башчысы Сергей Оганесяндын айтымында, эгер компания мунай чыгарууну токтотсо, андан бүткүл өлкөгө зыян тийиши мүмкүн. Орусиянын эң бай адамы Михаил Ходорковский түзгөн компания жалгыз 2000-жылы 3 миллиард 400 миллион долларга кем салык төлөгөн деп күнөөлөнүп, анын банк эсептери жабылгандан мунайдын дүйнөлүк баасы асмандап көтөрүлгөн. ЮКОС дүйнөлүк мунайдын эки пайызын өндүрөт, Ходорковский болсо былтыр камакка алынган.