Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:16

Нажапта жоочулар турган мечит курчоого алынууда


Америкалык куралдуу күчтөр менен Ирактын коопсуздук күчтөрү шийи жоочуларга сокку урууну улантууда. Америкалык полковник Жим Рейнинин айтымында, согушчандар ээлеген Имам Али мечити курчоого алынды:

- Биз Нажаптагы аскердик аракеттерди улантуудабыз. Эң башкысы ыйык мечитке залака тийгизүүдөн сактанып жатабыз. Нажаптын губернатору бул калаада тартип жана бейпилдик орнотууга бизди жардамга чакырды, андыктан биз ушул жердебиз, - дейт америкалык полковник.

Америкалык аскерий адамдар шийи жоочулардын башчысы Муктада ас- Садр жашайт делген үйдү буктурмага алышкан. Бирок, үй ичинде киши жок болуп чыкты. Ирактын бир нече калааларында атышуулар болду. Ирактын түштүгүндөгү Кут шаарындагы атышууда шийилердин 70 жоочусу өлтүрүлгөнү жөнүндө кабар тарады. Ирактын Коргоо министрлиги билдиргенге караганда, Муктада ас- Садр туткундалмайын жана анын жоочулары артка чегинмейин салгылаш улана бермекчи.

XS
SM
MD
LG