Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:22

Нидерланды аба күчтөрү Кыргызстанга кайра келет


БИШКЕК. «Акипресс» маалымат агенттигинин жазганына караганда, Антитеррордук коалициянын тутумундагы Нидерланды мамлекети Кыргызстанда жайгашкан Ганси авиабазасына өзүнүн аскерий күчтөрүн жибериши күтүлүүдө. Өткөн аптада голландиялык эксперттер Ганси авиабазасында Ф-16 аскерий учактын учуп-конуу мүмкүнчүлүгүн байкап кетишти. Ооганстанда шайлоо учурунда абадан көзөмөл жасоо тууралуу НАТОнун сунушуна Голландия өкмөтү кынап мамиле жасап жатышат деп айтылат маалыматта. Мындай өтүнүч Голландияга НАТО тарабынан жасалган. Голландиянын тышкы иштер жана коргоо министрлеринин маалымдагандарына караганда, авибазага КДС-10 үлгүсүндөгү танкер-учакты кондурууну иликтеп жатышат.
Голландиялык аскерий учактар антитеррордук коалициянын тутумунда Кыргызстан аймагында 2001-2002-жылдары болушкан.

XS
SM
MD
LG