Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:07

Еврокомиссия мыйзамсыз мигранттарга каршы аракеттерге колдоо көрсөтөт


БИШКЕК. Миграция саясатын өнүктүрүү боюнча эл аралык борбордун башкы директорунун орун басары Гетфрид Цюрхер учурда Кыргызстанда жүрөт. Ал КМШ аймагындагы мыйзамсыз миграцияга каршы күрөш боюнча КМШ алкагындагы долбоорду ишке ашыруу максатын көздөөдө. Бул долбоорго Европа комиссиясы баш болгон эл аралык донор уюмдар колдоо көрсөтүп жатышат. Гетфрид Цюрхер Кыргызстанда мыйзамсыз миграция, чегара көзөмөлү, адам соодалоо иштерине каршы аракеттенген бир катар расмий жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрүп жатат. Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинен маалымдашты.

XS
SM
MD
LG