Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:07

Африка биримдиги Бурундиде качкындарды кырууну айыптады


Борбордук африкалык өлкөдө конголук тутси качкындарына өткөн түнү хуту козголоңчулары кол салып, кеминде 150 кишини атып, бычактап өлтүрүштү. Дагы 100 чактысын жарадар кылышты. Качкындар лагери Бириккен Улуттар уюумунун көзөмөлүндө экен.
Басымдуу көпчүлүктү түзгөн хутулар менен аз сандуу тутсилердин ортосундагы жаңжалда мындан 10 жыл мурда Руандада 1 миллионго чукул киши жок кылынган эле.

XS
SM
MD
LG