Линктер

шаршемби, 20-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 06:28

Жаштар шайлоо жараянына тартылат


БИШКЕК. 23-29-августта Ыссыккөлдө «Шайлоо жана жаштар: 2005» деген темада конференция болот. Ага өлкөнүн бардык региондорунан жаштар чакырылат. Конференцияга Жогорку Кеңештин депутаттары, Борбордук Шайлоо комиссиясынын, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышып, жаштардын шайлоого катышуусунун мааниси жөнүндө пикир алмашат. Бул тууралуу ЕККУнун Бишкектеги өкүлчүлүгүнөн бүгүн кабарлашты. Маалыматка караганда, конференцияны «Өзгөрүү» аттуу коомдук фонд Сорос фондусунун жана ЕККУнун жардамы менен уюштурууда.

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG