Ирактын жаңы өкмөтү өлкөнүн түндүгүндөгү базаларынан Түркияга кол салып жаткан күрд козглоңчулары менен күрөшөөрүн кечээ Анкарада өлкө президенти Гази ал –Явер убада кылды. Ал эки коңшу өлкөнүн ортосундагы соода жана коопсуздук боюнча кызматташтыкты чыңдоо максатында эки Түркияга кечээ келген эле. Автономия үчүн күрөшүп жүргөн күрд козголоңчулары соңку кездери Ирак менен Түркиянын чек арасынан кол салууларын күчөттү.